Базар-Коргон районунда 18 жаштагы балага бычак сайган жаран кармалды

Базар-Коргон районунда 18 жаштагы балага бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 17-ноябрь түнү аталган райондун айылдарынын биринде болгон. Анда 1961-жылы туулган жаран мас абалында коңшу жашаган 18 жаштагы балага бычак сайган. Анын мындай жолго барышына баласын уруп койгону себеп болгон. Мунун кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан