Ала-Бука районуна караштуу Жаңы-Шаар айылында жаш баланын от менен болгон шоктугунан өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, өрттүн кесепетинен аянты 48 чарчы метрди түзгөн сарайдын чатыры, 50 түк чөп жана 800 килограмм көмүр күйүп кеткен. Өрт кырсыгы саат 15:36да башталып, ал толугу менен саат 17:25те өчүрүлүп бүттү. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 6 жаштагы уулунун от менен ойногону себеп болгон.
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 1, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Кызыл-Кыя шаарындагы Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы жаш балдар бөлүмүндөгү лабораториянын кабинетинде кийим-кечелер күйүп кекен. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.
Ошондой эле Ноокат районуна караштуу Зулпуев айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Өрттүн кесепетинен 35 чарчы метр бастырма, 100 боо жүгөрү сабагы, 500 килограмм чөп күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.