Ысык-Көлдө жубайын барскан менен чаап өлтүрүп алган жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда жубайын барскан менен чаап өлтүрүп алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 18-ноябрда аймактык ооруканага 45 жаштар чамасындагы Каракол-Пристань айылынын тургуну оор абалда келип түшкөн. Кийинчерээк ал алган жаракатынан улам каза тапкан.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелип 2013-жылдан бери каза тапкан аял менен бирге жашап келген Ош облусунун 33 жаштагы тургуну кармалган. Сурак учурунда кылмышка шектүү 16-ноябрь күнү алардын үйүнө каза тапкан аялынын мас абалдагы курбусу келип, алардын ортосунда уруш чыкканын айткан. Ага ачууланган күйөөсү жерде жаткан барсканды алып, бир нече жолу аялын чаап салганын билдирген.

Соттук-медициналык экспертизанын текшерүү иштеринин жыйынтыгында каза болгон аял оор жаракаттарды алып, оң тарабынан 10 кабыргасы сынып, 7-кабыргасынын сыныгы өпкөсүн тешип кирип кеткендиги аныкталган. Бул иш боюнча 104-берененин (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dinooou
2014-11-19 11:35:38
Эмне деген шумдуктуктулар болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан