Бишкекте жыл башынан бери түнкү жана күндүзгү милиция тарабынан 700дөн ашуун кылмыштын бети ачылган

Бишкек ШИИББинин түнкү жана күндүзгү милиция нөөмөтүнүн жыйынтыгы менен 2014-жылдын 1-январынан 30-октябрга чейин 743 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда КРнын ИИМинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, алардын ичинен өлтүрүү фактысы боюнча - 2, каракчылык - 18, тоноо - 42, уурдоо - 54, ээнбаштык - 248, алдамчылык - 4, денеге жаракат келтирүү - 311, зордуктоо фактысы боюнча 23 кылмыштын бети ачылган.

Бишкек ШИИББинин түнкү жана күндүзгү милиция кызматкерлери тарабынан 426 504 автотранспорттук каражаттар текшерилип, 32 687 административдик протокол түзүлгөн. Автоунааны мас абалында айдаган 2298 айдоочу кармалган. Айып пул төлөөчү жайга 7555 унаа токтотулса, ар кандай тартип бузуулар үчүн милиция органдарына 4372 унаа алынып келинген. Ал эми “102” телефону боюнча 5994 жаран тейленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан