Бишкекте таксисттин акчасын төлөбөй, аны бычак менен коркуткан мас абалындагы кардар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 18-ноябрь күнү болгон. Анда белгиленген жерге жетип алган мас абалындагы кардар таксистке акчасын төлөбөй, аны бычак менен коркуткан. Бул учурда айдоочу милицияга кайрылып, кардар ошол жерде кармалган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.