"Дүйнө сулуусу-2014" сынагына Кыргызстандын атынан катыша турган Айкөл Аликжанова президенттен кечирим сурады

Лондондо өтүүчү "Дүйнө сулуусу-2014" сынагына Кыргызстандын атынан Айкөл Аликжанова катышат. Бүгүн, 19-ноябрдагы маалымат жыйынында: "Учурда сынакка керек болгон 16 миң долларды чогулттук. Мында менин туугандарым жана өлкөдөгү ишканалардын бири демөөрчүлүк кылды. Сынакка бүгүн түнү учканы жатам. Элимдин мага болгон ишеничин актаганга аракет кылам",- деди ал. 
Буга чейинки маалымат жыйынында Айкөл Аликжанова сулуулар сынагына катышуу үчүн каражат жок экенин айтып элге жана өлкө башчысына кайрылган эле. 
"Акча маселесин чече албай президентке кайрылгам. Анда мен белгилүү бир нормаларды сактабастан кайрылганым үчүн кечирим сурайм. Мага карата айтылган сындарды туура эле кабыл алам. Себеби алар жаман пикирлерди жазуу үчүн да убакыт коротушууда. Мен өзүмө ишенем. Анткени буга чейин бир катар сулуулар сынагына катышып келгем",- деди Айкөл Аликжанова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
sely
2014-11-20 13:54:08
Бул кыз биздин кыргыздын кызы Кыргызстандын желеги менен баратат кудайдан тилеп ийгилик каалаганыбыз жакшы. Сын айтып маанайын тушурбой.
0
sabyr86
2014-11-20 14:01:20
Ийгилик
0
admin_superstan
2014-11-20 14:59:09
sely, жеке билдирүү үчүн купуяны колдонуңуз!
0
mamamia
2014-11-20 15:34:12
эми кыргызстанды уят кылбай орунга жеткин ийгилик
0
Mir82
2014-11-20 17:30:39
Мынча сулуусун ииий мынча сулуусун, ийгилик сага Айкол. Анан утуп келгенден кийин бизди тоготпой калба:p, шутка конечно
-2
PATRIK-PLATINUM
2014-11-20 17:56:02
Сулуусун Айколь.
0
umka87
2014-11-20 20:37:03
ийгилик каалайм,кыргызстандын желегин желбиретип кел
0
KblCHAS
2014-11-20 23:50:41
Мындай сулуулуктун алдында ким туруштук бере алат.
0
lolalola
2014-11-20 23:53:54
Oshoncho akchany okuuga, bilim aluuga korotso bolmok eken, suluular konkursu debei...
Aldynky mestalarga jakyndaaryna dele kozum jetpeit...
0
Sabyraliev
2014-11-21 00:19:32
Балким утуп калаар Сексуалду кыз болуп калатда башка мамлекетке
0
nurperi8981
2014-11-21 01:56:13
Деги кыкендерге тушунбойм эмнеге эле жаман соз айтканга мастерсинер(((( Ийгилик Айкол деп жазып коюш кыйынбы?!!!!
0
Feijipiao
2014-11-21 17:38:39
Ушу коро албастык сапатыбызды качан жоебуз билбейм.Бул кызга жон гана ийгилик каалап кеткиле.Кыргызстандын атын чыгарыш учун кетат.Буюрса женип кел демекмин.Коро албагандардын созуно конул бурба.Ийгилик Айкол сулуу!!!
0
sumka
2014-11-25 10:18:47
Iigilik jenuwke jetiwine tilektewmin! Suluu ele bolup turat kgnin atynan baratat go jon ele koldop koelu dostor!!! Bashyndagy taajysy hyuremdikinen da kri4it go )))
0
amanatym
2014-12-05 17:47:36
баш айланат ушу жылдызчалардан
0
azizka94
2014-12-10 19:51:20
Бул акча деле жон акча эмес,ушунча аракеттен кийин алдынкы орундаога илинип калсан экен,чынында президенттен жардам суроонун да нормалары кыйын го дейм,Айколдо сулуулук бар чынында окундургону кыргызча суйлобогону же кыргызча суйлой албайм деген шылтообу билбейм кантсе Кыргызстандын намысын коргоп желегин желбиретип кел ийгилик сага!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан