Кадамжайда окуучулар арасындагы массалык мушташка катыштыгы бар делген 3 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголгон.
Айта кетсек, мушташ 17-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айылында болгон. Анда айылдагы мектеп-гимназиянын 50-60 чакты окуучусу эки жаат болуп мушташа кетишкен. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, урушту араң токтотушкан.