Кемин районунда "коңшу жашаган аялды зордуктаган" деп шектелип 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1979-жылы туулган айым кайрылган. Анда ал коңшу жашаган 24 жаштагы бала мас абалында бычак менен коркутуп, зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.