“Биз унаалардын айнектерин караңгылаткандан көрө, чек араларыбызды бекемдейли” деди бүгүн, 31-январда ЖКнын жыйынында депутат Малик Осмонов. "Өлкөдө автоунаалардын айнектерин караңгылатууга жол берген мыйзамды өзгөртүү керек" деген депутат "унааларды караңгылатып алып биз кимден качмак элек, кимден жашынмак элек?" деди. Бул пикирге Бишкек ШИИБнин Жол коопсуздугу кызматынын жетекчиси Талант Исаев дагы кошуларын билдирди. “Биз Бишкек жана Ош шаарларынын жолдоруна видеокамераларды коёбуз деп турабыз. Эгер унаалардын алдынкы терезесин караңгылатсак, анда айдоочу телефон менен сүйлөшкөнүн жана башка жол эрежелерин бузганын билбей калабыз”,- деди Исаев.