Орус искусство жумалыгында кыргызстандык сүрөтчүнүн эмгектери көргөзмөгө коюлду

Кыргызстандык сүрөтчү Айып Алакуновдун эмгектери Москвада өтүп жаткан 16-Эл аралык заманбап искусствонун көргөзмөсүнө коюлду. Иш-чарага сүрөтчү КРнын Орусиядагы элчилигинин колдоосу менен катышып жатат. "Орус искусство жумалыгы" аттуу көргөзмө 11-20-ноябрь күндөрү 20дан ашуун мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маданият жана искусствону өнүктүрүүгө багытталган форум дүйнө элинин маданиятын таанууга шарт түзөт. 

Айып Алакунов - Кыргызстандагы жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин өкүлү, ал буга чейин да эл аралык көргөзмөлөргө катышып келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан