Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеленин уулу Эдсон Насименту (Эдиньо) камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Эдсон Шолби Насиментуга маңзат сатуудан түшкөн акчанын изин жашырганы боюнча айып тагылып, анын буга чейин эркиндикте жүрүшү тууралуу чечим жокко чыгарылды.
Адвокаттар жогорку инстанциядагы сотко апелляциялык арыз бериши мүмкүн экендигин судья Сюзанна Перейра белгиледи. Анын айтуусунда, соттун жаңы чечими чыкканга чейин ал камакта отурат.
Эске салсак, 2014-жылдын май айында Эдсон маңзат мафиясынан түшкөн акчанын изин жашырганы үчүн 33 жылга камалган. Эдсон апелляцияга арыз берип, бул арыз каралган учурда эркиндикте жүргөн болчу.
Ал эми анын атасы Пеленин маалымат кызматы анын уулунун камакка алынышы боюнча эч кандай комментарий бербестигин айткан.