“Тазалыктын” кызматкерлерин сабаган милиционерлер кармала элек

Бишкекте 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү Айни-Муромская көчөлөрүнүн кесилишинен таштандыларды жыйнап жүргөн “Тазалыктын” 2 жумушчусун сабап кеткен 5 милиция кызматкеринин аты-жөнү тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди.

Маалым болгондой, “Тазалык” ишканасынын токмоктолгон айдоочусу денесинен жаракат алып, ал эми таштанды жүктөөчүнүн кабыргасы сынып ооруканага түшкөн.  

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБи тарабынан “Тазалык” муниципалдык ишканасынын айдоочусун жана таштанды жүктөөчүнү ур-токмокко алган милиция кызматкерлерине карата 234-берене (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ал милиция кызматкерлеринин өздүктөрү бүгүнкү күнгө чейин тактала элек.

Эске салсак, ал түнү таштандыларды жыйнап жүргөн "Тазалыктын" жумушчуларынын жанына мамлекеттик номуру жок Хонда Аккорд үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа келип токтогон. Анын ичинен милициянын формасын кийген жаран чыгып, таштандыны айдоочунун бутуна ыргытып жиберген, ага айдоочу өзүнүн сынын айткан. Милиция кызматкери ачууланып, аларды сөгүп, кетип калган. 10 мүнөттөн кийин ал дагы 4 милиция кызматкери менен келип, "Тазалыктын" 2 кызматкерин ур-токмокко алган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maksymtegin
2014-11-19 17:05:01
карга карганын көзүн чокубайтда
0
edu.kg
2014-11-19 18:32:35
Шаарыбыздын тазалыгы бойунча иштеп жакан адамдарда эмне куноо. Мусор урнасына жакын барып таштоодон эрингенда айбан. Биздин укук коргоо кызматкерлери качан эле адамча иштешмек эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан