Спорттун сууда сүзүү түрү боюнча Дубайда өткөн мелдеште кыргыз спортчулары 4 алтын медаль утушту. Бул тууралуу КРнын Сууда сүзүү боюнча федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр арасында 100 метрлик аралыкка сүзүү боюнча биринчи орунду мекендешибиз Никита Пауков, Азиз Сансызбаев, Владислав Шулико жан Денис Петрашов ээлешти. Мелдеш 30-январдан 2-февралга чейин өтөт.