Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы декабрь айында Кытай курамасы менен боло турган оюнга Бишкектеги Улуттук футбол борборунда даярдана баштады. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда жалпысынан 22 футболчу машыгуу өткөрүп жатат. Машыгуу сбору ноябрь айынын аягына чейин Бишкекте өтөт. Андан соң курама команда 10 күн Таиландда даярдык көрөт.
Кошумчалай кетсек, Кытай жана Кыргызстан курамаларынын ортосундагы жолдоштук оюн 13-декабрда орун алат.