Экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Санжар Бакиев эркиндикке чыкты

Экс-президент Курманбек Бакиевдин иниси Санжар Бакиев эркиндикке чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Жазаларды аткаруу кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын жаза өтөө мөөнөтү аяктаган. Мындан улам С.Бакиев бүгүн бошотулган.

Эске сала кетсек, Санжар Бакиев 2010-жылы 2-ноябрда Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен күчөтүлгөн режимде 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2011-жылдын 1-февралында Чүй облустук соту Жалал-Абад облустук соту чыгарган өкүмдү 50 миң сом айып пул төлөө чечимине өзгөрткөн. Бирок Жогорку Соттун токтому менен 2012-жылдын 21-декабрында Чүй жана Жалал-Абад облустук соту чыгарган чечимдер өзгөртүлүп, 5 жылга эркинен ажыратылып, 75 миң сом айып пул салынган. Тергөө учурунда отурган 7 ай 6 күндүн ар күнү эки күнгө барабар деп эсептелинген. Жаза өтөө мөөнөтү 2010-жылдын 25-июнунан башталган. Санжар Бакиев «2010-жылдын 13-14-май күндөрү Жалал-Абаддагы массалык баш аламандыкты уюштурган жана мыйзамсыз курал сактаган» деп айыпталган. Ал эми Жалал-Абад обладминистрациясын бошотуу учурунда каза болгон эки адамдын өлүмү боюнча акталган.

Санжар Бакиев Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин агасы Жусуп Бакиевдин уулу.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
momyn_jygyt
2014-11-19 18:29:05
Чыкса чыгыптырда, эмне демек элек. К Бакиевдин айынан баардык ага-ини, тукгандарыны жамандап, жек коруу туура эмес. Жакшыларыда жокемес.
+12
bema_bema
2014-11-19 18:34:24
Буларда не куноо ,К Бакиев учун буларла качыш керекпи тынч койгула да,Ошто 2010 жылы чыккан чырды азыркы бийлик эле кылган .
+14
Talant0906
2014-11-19 18:57:28
Калганын жакшы кундордо кечирсин!
+9
lusi2013
2014-11-19 19:32:23
Алтын баш аман болсо алтын аяктан суу ичебиз
+11
bolot00
2014-11-20 00:11:53
бунун куносу деле жок болуш керек жалгандан еле ел козуно камап койгон болуш керек
+1
Manasemetei
2014-11-20 03:51:58
4ykkany jakwy boluptur.emi jakwy kundordu korsun .e4kimge tuwkuluk kylbaasyn
+4
admin_superstan
2014-11-20 10:31:03
femidakg, Inwallah88, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, далили жок жалаа жабууга, мазактоого, бөлүнүүчүлүк маанидеги билдирүүлөргө тыюу салынган!
Inwallah88, 10 күн БАН!
femidakg, 5 күн БАН!
0
SayKal020101
2014-11-20 12:33:47
Жакшы болуптур, куноосу жокпу барбы отуруп чыкты бечара .иши онолсун.
+3
jalguzum
2014-11-20 15:42:18
Бакиев жакшы президент болчу Кыргызстанды бир четинен ондоп баштаган эле. Арзанчылык болчу азыркы президентке эч кимдин ичи да чыкпайт. Кайсы жерде эмнени суйлошту да билбейтко.
+1
lusi2013
2014-11-20 17:10:19
jalguzum, азыркы бийлик эмне озгортту? Кымбатчылык...Кыйынчылык. ж.б
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан