20-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -5°C
Талас облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -6°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +10°C, түнкүсүн +4°C
Баткен облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн +3°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн +1°C
Нарын облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -8°C
Бишкек шаары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -2°C