Кара-Балта шаарында үлпөт тоюндагы кортеждин автоунааларынын бири эки аялды сүзүп кетип, оор жаракаттардан улам алар каза табышкан. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-октябрь күнү саат 19:00 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт кызматына билдирүү түшкөн. Анда Фрунзе көчөсүнөн 2 жөө жүрүүчүнү унаа сүзүп кеткенин айтышкан. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Хонда CRV үлгүсүндөгү унааны 20 жаштагы жаран катуу ылдамдыкта башкарып бара жатып жолдун каршы тарабынан 2 жөө адамды сүзүп кеткенин аныкташкан. Оор жаракаттардан улам бир аял окуя болгон жерден, ал эми экинчиси ооруканадан каза тапкан. Айдоочуга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголуп, унаа айып пул төлөөчү жайга жайгаштырылды. Иликтөө иштеринин натыйжасында айдоочу соо экени аныкталган. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайда.
Маалыматка ылайык, кырсыктан каза тапкан аялдар Панфилов айылынын жашоочулары болушкан. Алар өтмөк жолдон өтүп бара жатышкан, аларды өткөрүү үчүн лимузин унаасы да токтогон. Бирок аялдарды байкабаган экинчи унаанын айдоочусу лимузинден ашып кетүү үчүн өтмөк жолдон катуу ылдамдыкта өтүп баратып жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кеткен.