Бишкекте адам өлтүрүү фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн, 19-ноябрда билдиришти.
Кечээ, 18-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Таалай аттуу жарандын өз үйүндө бир адамды өлтүргөнү айтылган. Окуя болгон жерге күч органдары барышканда, киши колдуу болуп өлгөн адамдын жансыз денесин табышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, бүгүн кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 1968-жылы туулган О.Т. аттуу тургуну кармалган. Анын айтымында, экөө спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишкен, мындан улам кылмышка шектүү жанындагы адамды бычак менен сайып салган.