Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Non-Stop" дуэти "Turkvizyon" Эл аралык сынагынын финалына өттү

Казань шаарында 19-ноябрдан 20-ноябрга караган түнү "Turkvizyon-2014" Эл аралык музыкалык сынагынын жарым финалы орун алды. 25 катышуучу ат салышып жаткан сынактын финалдык бөлүгү 21-ноябрда өтөт. Татарстан Республикасынын Казань шаарындагы "Татнефть-Арена" сахнасында ырчылардын чыгармачылыгына 9300дөн ашуун көрүүчү күбө болду.

Кыргызстандын атынан барган "Non-Stop" дуэти №13-саны менен чыгып, "Сезе бил" аттуу чыгарманы тартуулашты. Аларды колдоп "Wi`ll be" бий тобунун жигиттери бийлеп турушту.
«Евровидениеден» айырмаланып, сынакта жеңүүчү көрүүчүлөрдүн добушу менен эмес, калыстар тобунун чечими менен аныкталат. Белгилей кетсек, калыстардын катарында КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова да бар. Жарым финалдын жыйынтыгы менен 12 катышуучу финалга жолдомо алды.
1. Татарстан - 223 упай
2. Түркия - 199 упай
3. Казакстан - 198 упай
4. Башкортостан - 193 упай
5. Орусия - 190 упай
6. Кыргызстан - 190 упай
7. Македония - 181 упай
8. Иран - 178 упай
9. Крым - 178 упай
10. Өзбекстан - 172 упай
11. Босния жана Герцеговина - 171 упай
12. Түркмөнстан - 169 упай
13. Болгария - 168 упай
14. Якутия - 168 упай
15. Азербайжан - 168 упай
16. Молдова - 162 упай
17. Румыния - 158 упай
18. Ирак - 155 упай
19. Тува - 154 упай
20. Албания - 154 упай
21. Албания - 149 упай
22. Украина - 148 упай
23. Хакасия - 148 упай
24. Кабардино-Балкария - 147 упай
25. Грузия - 141 упай
Мыктылардын мыктысы аталып, биринчи орунду багынткан ырчы 720 миң рубль өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жана "Turkish Music Box", "Твой мир - Восток" телеканалдары менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Asiyo
2014-11-20 02:28:07
Жениш менен келгиле ылайым, ийгилик каалайбыз!
+1
bema_bema
2014-11-20 04:20:19
Алгаааа Кыргызстан
+1
kama_future_millioner
2014-11-20 04:44:32
Ийгилик
+2
zarlyk2211
2014-11-20 06:33:07
Алга Кыргызстан! Алга "Non stop"!!!
+1
Zarema94
2014-11-20 07:02:00
Iygilik!
+1
Zulya2
2014-11-20 12:15:01
туну козум жумулуп аран кордум аябай атаандаштары кучтуу болчу...ишенебиз жениш менен келишинерге... алга кыргызстан....
+3
Nurmiraminkush
2014-11-21 01:23:15
Ийгилик!!!
0
admin_superstan
2014-11-21 10:51:45
Nurmiraminkush, баш тамгаларды грамматикалык эрежелерге ылайык колдонуңуз!
0
dinooou
2014-11-21 05:19:15
Сынак бүткөн соң эс алып алышып бизге концерт коюшат ихууу. Буюрса ийгилик бизге жылмайсын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан