Кыргызстанда 160 гана автоунаанын айнектерин караңгылатып жүрүүгө укугу бар. Бул маалыматты ИИМдин жол көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев билдирди.
“Бүгүнкү күндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Ички иштер министрлигине, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жана прокуратуранын кызматкерлерине тиешелүү 160 автоунаанын гана айнектерин караңгылатып жүрүүгө мыйзам жол берет”,- деди Исаев.
Президент, премьер-министр, спикер айнектери күңүрттөлгөн унаада жүргөнүн айткан депутат Өмүрбек Абдрахманов "эгер мыйзамдын аткарылышын кааласак, анда өзүбүздөн баштап, баарыбыз унаалардын айнегин күңүрттөөдөн баш тарталы” деди.