Кылмыштардын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунда "Мейманкана" жана "Мал уурдоо" операциялары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда облустун ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-19-ноябрда операциялардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 7 кылмыштын бетин ачкан. Мыйзамсыз миграция боюнча административдик жоопкерчиликке 2 чет өлкөлүк жаран тартылган. Мындан тышкары ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча 1 факт катталган.
Учурда аталган операциялар улантылууда.