Чүй облусунда Жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн (ЗАГС) кызматкери чоң өлчөмдөгү пара менен кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматкер Ливиянын жаранына Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаганга уруксат берүүчү документ жасап берген. Бул үчүн ал чет элдик жарандан 3000 доллар алган. Кийин текшерүүнүн жүрүшүндө документтин жасалма экендиги аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.