Талас шаарында жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Талас шаарында жөө адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 18-ноябрь күнү Талас шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон. Анда айдоочу жергиликтүү тургунду сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган айдоочу кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан