Майлуу-Суу шаарында моюну 14 сантиметр кесилген, колу байланган абалда 20 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды

Майлуу-Суу шаарында моюну 14 сантиметр кесилген, колу байланган абалда 20 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 14-ноябрь күнү эртең менен эки колу артка байланган абалда белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда маркумдун мыкаачылык менен өлтүрүлүп, моюну 14 сантиметр кесилгени аныкталган. Тактоо иштеринин негизинде каза тапкан жаран 1994-жылы туулган Ильяз Мамедиев экендиги белгилүү болгон. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 3 жаран кармалган. Ошондой эле алардын үйүн тинтүү учурунда ок атуучу куралдар табылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba_00
2014-11-20 16:00:41
журоктун ушун алып бутушту го.
0
bema_bema
2014-11-20 16:21:32
Мыкаачылар тозок силердин бараар жеринер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан