Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жогорку окуу жайлардын биринин окутуучусу окуусун кайра калыбына келтириш үчүн студенттен 25 миң сом талап кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, мугалим пара алып жаткан жеринен кызматтык бөлмөсүндө кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.