Бишкекте таксисттин кызматы үчүн жасалма доллар төлөп жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, күч органдарына таксист болуп иштеген айдоочу кайрылган. Анда ал жашы 25-30 чамасындагы адам такси кызматы үчүн жасалма акча төлөгөнүн айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Кара-Балта шаарынын 1989-жылы туулган тургуну кармалган. Анын айтымында, ал таксисттерге жасалма 200-400 доллар салынган конвертти берип, "кармап туруңуз, азыр келем" деп качып кетчү. Ушул сыяктуу 20 фактыга тиешеси бар экенин моюнуна алган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.