Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Лебединовка айылында 30 жаштагы айдоочу Хонда Одиссей унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Мунун кесепетинен ошол жерде 42 жаштагы жаран каза тапкан. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.