Ноокат районундагы жол кырсыгынан 15 жаштагы бала каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 18-ноябрь күнү Шакар-Кыштак айылында болгон. Анда 1975-жылы туулган айдоочу унаасы менен 1999-жылы туулган жергиликтүү тургунду сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу эсинен келе албай, ооруканада каза тапкан. Учурда бул боюнча атайын экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.