Өзгөн районунда Каттоо кызматынын өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды

Өзгөн районунда Каттоо кызматынын өкүлү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын Өзгөн райондук башкармалыгынын кызматкери М.А. аттуу жарандан 6 миң сом талап кылган. Бул үчүн кызматкер жалпы жарандык паспорт алып берүүнү убада кылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kairatmyn
2014-11-20 12:58:14
Пара алыштан биз кыргыздарга жетери жокко. 23жылда кекиртектен эле коррупцияга малынып калганбыз эми кантип чыгабыз. Ээх кыргыздар мынча пешенебиз шор болбосо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан