Сузак районунда 42 жаштагы жаран мас абалында досуна бычак сайып, натыйжада жабырлануучу каза тапкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 16-ноябрь күнү болгон. Анда Сузак районунун 1972-жылы туулган Ч.С. аттуу тургуну унаасынын ичинде досуна бир канча жолу бычак сайган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканада каза тапкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары аталган жаран кармалган. Анын айтымында, досу экөө спирт ичимдигин ичип отурушуп уруша кетишип, досун бычак менен сайып салган.