Бишкекте 28 жаштагы айдоочу айым унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти

Бишкекте 28 жаштагы айдоочу айым унаасы менен жөө адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы бүгүн, 20-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түнү болгон. Анда Махабат аттуу айдоочу айым унаасы менен Түштүк магистралында 28 жаштагы Дастан аттуу шаар тургунун сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда унаа айып жайга токтотулуп, тиешелүү материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан