Бишкекте пара алып жаткан жеринен милициянын капитаны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн, 20-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 19-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында 1985-жылы туулган милициянын капитаны 1700 сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул үчүн ал ага карата козголгон кылмыш ишин токтотууну убада кылган. Учурда милиционер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айрым маалыматтар боюнча, кармалган милиция кызматкери Бишкек шаарындагы Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү болгон. Ал арыздануучудан 5 миң сом талап кылган.