Кыргыздын алыш күрөшү Азия оюндарынын программасына киргизилди

Кыргыздын алыш күрөшү 2014-жылы  Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтө турган Азия оюндарынын программасына киргизилди. Бул тууралуу спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борборунун директору Алмазбек Касенов бүгүн, 31-январда маалымат жыйынында билдирди. “Оюн ийгиликке жетише ала турган болсо, алышты Азия оюндарынын программасына туруктуу негизде киргизүү чечими кабыл алынат”,- деди  Касенов. Ошондой эле алышты Казань шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын программасына киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан