Бүгүн, 20-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Облустук балдар чыгармачылык борборунун жыйындар залынын ачылыш аземи болду. Эл аралык долбоордун колдоосунун негизинде үч айдын ичинде зал жалпы оңдоп-түзөөдөн өтүп, бүгүнкү күндө колдонууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жалпысынан 9 миң доллар акча
каражаты сарпталган. Салтанатка ЮСАИДдин Кыргызстандагы өкүлчүлүктөрү жана мекеме-уюмдардын жетекчилери, мугалимдер, окуучулар катышты.
Иш-чара таланттуу балдардын ыр-бий өнөрлөрү менен коштолду.
Бул балдар чыгармачылык үйүндө 600дөн ашык бала билим алып, 20дан ашык ийрим бар.
"Жогоруда аталган уюм менен келишим түзүлүп, өткөн жылы 2 миллион 500 миң сом, ал эми быйыл 2 миллион 360 миң сом бизге берилген. Бөлүнгөн акча каражатынын
негизинде 60ка жакын мекеме-ишкананы оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Оңдоп-түзөөгө мэрия тарабынан да колдоолор көрсөтүлүп, пайдаланылган каражаттын
30 пайызын мэрия төлөп берүүдө",- деди социалдык иштер боюнча вице-мэр
Ш.Шоруков.