Жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 20-ноябрдан 25-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Каракол -Эңилчек (45-90-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү коркунчу жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.