Акыркы сутка ичинде өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталып, Чүй районунда жаш баланын шоктугунан 500 түк чөп күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 20-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй районуна караштуу Кайырма айылындагы үйлөрдүн биринде өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 500 түк чөп күйүп кетти. Убагында келген өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 500 түк чөп сакталып калган. Өрт үй ээсинин 8 жаштагы небересинин өрт менен болгон шоктугунан келип чыккан.

Ошондой эле Ысык-Көл облусуна караштуу Чок-Тал айылындагы үйлөрдүн биринен 300 түк чөп, 3 тонна эндей чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан