Бишкектеги “Ош базарынын” жанынан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 20-ноябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, жансыз дене кечээ, 19-ноябрь күнү саат 10:00 чамасында Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде табылган. Маркумдун өздүгүн тактоо иштеринин жүрүшүндө анын туруктуу жашаган жери жок адам экендиги аныкталган.