Оперкызматкерди аткан кылмышкер качып кеткен абактын жетекчилери кызматтарынан бошотулушту

Бишкек милициясынын оперкызматкерин атып өлтүргөн Александр Сояпин качып кеткен абактын жетекчилери ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда жаңы абактын ачылышында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Советбек Арбаев билдирди.

Азыркы учурда А.Сояпин мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөнү үчүн 4 жылга соттолуп, жатак-абакка мыйзамсыз которулганы аныкталды. Анын жатак-абакка которулушуна тиешеси бар №32-абактын 4 кызматкери кызматтан алынды. Учурда бул иш боюнча кызматтык иликтөө иштери жүрүүдө”,- дейт С.Арбаев.

Эске салсак, 42 жаштагы Александр Сояпин 11-октябрда түрмөдөн качып кеткенден бери издөөдө жүргөн. Ал эми 14-ноябрь күнү аны кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөтүп, шаардык милициянын 28 жаштагы Б.Сыдыгалиев аттуу оперкызматкерине ок чыгарып, ал окуя болгон жерден каза тапкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ak-buura
2014-11-21 04:05:03
Элдин алдына чыгып так айтып бериш керек кандай жол менен качканын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан