1-февралда Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 1-февралда саат 10:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын чыгыш бөлүгүндө жана Аламүдүн районунун айрым айылдарында электр жарыгын берүү чектелет. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, борбор шаардын Ак-Бата, Бакай-Ата, Келечек жаңы конушунда жана Элебесов көчөсүндө, Аламүдүн районунун Пригородный жана Маевка айылдарында электр жарыгын берүү чектелет. Бул өчүрүүлөр “Тепличный” көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу болот.