АКШда калың жааган кардын кесепетинен
20га жакын адам каза тапты. Американын түндүк-чыгышындагы аймактарда жааган кардын
калыңдыгы 1,5 метрге жетти. Учурда штаттардагы аба
ырайы суук болуп, абанын температурасы төмөндөп, баары тоңо
баштады. Мындай сууктун кесепетинен жолдор тоңголок болуп, ар кандай кырсыктардын саны кескин көбөйгөнү айтылууда. Бул тууралуу бүгүн,
20-ноябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жергиликтүү метеорологдордун билдирүүсүнө
ылайык, жакынкы күндөрү калыңдыгы 1 метрдей кардын жаашы күтүлүүдө. Учурда катуу суук
Американын 50дөй штатында жүрүүдө.
Маалым болгондой, 19-ноябрда Нью-Йорк
штатындагы темир жол байланышы токтотулуп,
айрым аймактардагы чоң жолдор да жабылды. Тургундар үйлөрүнөн чыга албай, жардам сурап жатышканы маалым болду.
Жергиликтүү бийлик куткаруу иштерине Улуттук Гвардиянын 100дөн ашуун өкүлүн
тарткан. Алар көчөлөрдү тазалап, жолдун ортолорунда калган унааларды жолдон
алууга көмөктөшүүдө.