Жогорку Кеңешти 2016-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын долбоору кабыл алынды
Парламент 31-январда Жогорку Кеңешти 2016-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун кабыл алды. Бирок төрага Асылбек Жээнбековдун айтымында, бул долбоордун толуктай турган жерлери бир. Белгилей кетсек, стратегияда ЖКда электрондук документ жүгүртүү, электрондук турникет, мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү кызматы, тексттерди дал келтирүү кызматы, видеоконференция, илимий изилдөө борбору, парламенттин электрондук китепканасын ишке киргизүү маселелери камтылган.