Бишкекте жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Куткаруу кызматынан бүгүн, 21-ноябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 20-ноябрь күнү Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда эки жеңил унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен эки унаанын биринин айдоочусу ошол жерде каза тапкан. Ошондой эле дагы бир жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.