Экстремизмге шектелип Тажикстандын жараны кармалды

Бишкекте экстремизмге шектелип Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 21-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран 2009-жылы бир тууганынын паспорту аркылуу Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз кирген. Ал өз өлкөсүндө экстремисттик деп табылган “Таблиги жамаат” уюмунун активдүү мүчөсү, “Группа 24” оппозициялык кыймылынын жактоочусу болгон. Учурда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тажик жаранын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу чечимин чыгарды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан