Баткенде мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Баткенде "мал уурулук" беренеси боюнча издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында мал уурулукка шектелип издөөдө жүргөн 26 жаштагы Н.Сыдыков 20-ноябрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында колго түшүрүлгөн.

Белгилүү болгондой, аталган жаран 2014-жылдын 23-октябрь күнү Баткен облустук соту тарабынан ээн баштыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган. Бирок соттун чечиминен кийин Н.Сыдыков тарабынан кылмыштуу топ түзүлүп, ага 19 жаштагы М.А., 16 жаштагы М. уулу А., 29 жаштагы Ю. уулу Б. аттуу жарандар тартылган. Булар 8-ноябрь күнү жергиликтүү тургундун короосунан 40 миң сомдук малын уурдап кетишкен. Аны Тажикстандын Исфара районунун Сурх айылына сатуу максатында алып барган учурда кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Баткен ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кармалышып, ал эми Н.Сыдыков изин суутуп кеткен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан