Акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, Тогуз-Торо районунда 18 тонна чөп жана курулуш чарбасы толугу менен күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 21-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1,Ош облусунда 2, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4 өрт кырсыгы катталган.

Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл округундагы үйлөрдүн биринин короосунан 18 тонна жыйылган чөп жана курулуш чарбасы толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ошондой эле Таш-Көмүр шаарындагы көмүр бөлүштүрүүчү ишкананын аймагында аянты 9 чарчы метди түзгөн кароолчунун ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаадан жасалган будкасы күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан