Ош шаарында Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы биргеликте контрафакттык алкоголдук продукцияларды сатуу фактыларын табуу жана тыюу салуу боюнча рейддик-салыктык
текшерүү жүргүзүштү. Бул тууралуу 21-ноябрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө «Бостон» базарынын аймагында спирттин
спецификалык жыты бар 700 литр суюктук табылган. Салыктык текшерүүнүн материалдары тийиштүү чараларды көрүү үчүн Түштүк аймагы
боюнча экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.