Борбор калаада алдамчылыкка шектүү 65 жаштагы жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Жал кичи районундагы №77-үйдүн 20-батиринде жашаган, 1949-жылдын 16-сентябрында туулган Жаңыл Касымова КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча изделүүдө.
Укук коргоо органдары сүрөттө көрсөтүлгөн аял тууралуу кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, 102 же 0557 05-03-03 телефон номуру аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөт.