Бишкекте айдоочулук күбөлүктөрдү даярдаган ишкананын кеңсесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Башкы иликтөө башкармалыгы бүгүн, 21-ноябрда Бишкектеги соода борборлорунда жайгашкан “Атлас крипт” компаниясынын кеңсесинде тинтүү иштерин жүргүздү.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган ишканага кылмыш иши козголуп, аны иликтөө тапшырмасы ИИМге берилген. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Маалым болгондой, өкмөттүн 2011-жылдын 3-мартындагы буйругуна ылайык, “Атлас крипт” компаниясы мамлекеттик документтердин ар кандай бланктарын жасап келген:

- улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын үлгүсү;

- эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын үлгүсү;

- убактылуу айдоочулук күбөлүктүн бланкынын үлгүсү;

- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү бланктын үлгүсү;

- транспорт каражатынын техникалык талонундагы бланктын үлгүсү;

- транспорт каражатынын транзиттик номурунун бланкынын үлгүсү;

- окутуу жөнүндө күбөлүктүн бланкы;

- өздүк карточкалардагы бланктын үлгүсү;

- жол кыймылынын эрежеси боюнча сынактык карточкалардын бланкын даярдоо.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан