Аба ырайы, 22-ноябрь: Өлкөнүн айрым жерлеринде жамгыр, кар жаайт

22-ноябрда түнкүсүн республиканын айрым жерлеринде жамгыр, кар жаайт. Тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшөт, күндүз жамгыр күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Тоолуу аймактардын автожолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -5°C

Талас облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -5°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +11°C, түнкүсүн -1°C

Баткен облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -2°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -5°C

Нарын облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -8°C

Бишкек шаары. Күндүз +4°C, түнкүсүн -3°C 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан