Казань шаарында 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү "Turkvizyon-2014" Эл аралык музыкалык сынагынын финалы өттү. Анда буга чейин айтылган 12 эмес, 15 катышуучу жеңиш үчүн ат салышты.
Татарстан Республикасынын Казань шаарындагы "Татнефть-Арена" сахнасында ырчылардын чыгармачылыгын 24 мамлекеттен келген калыстар тобу сындан өткөрүштү.
Катышуучулар сахнага чыгар алдында китепке болгон сүйүүсү тууралуу видеотүрмөктү көрсөтүп жатышты. Айрымдары сүрөт альбомун көрсөтүшсө, кээ бири обон жаратуучу дептерин, ашкана сырлары тууралуу китептер жөнүндө айтып жатышты.
Кыргызстандын атынан катышып жаткан
"Non-Stop" дуэти "Манас" эпосу тууралуу айтып, анын "Гиннесстин рекорддор китебине" киргендигин баса белгилешти. Албетте, түрк тилдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү, дээрлик бардык катышуучулар өз тилинде сүйлөп, мекенине салам жолдогон соң гана сахнага чыгып жатышты. "Non-Stop" дуэти алып баруучуга кыргыздын улуттук баш кийимин белекке бергени сүйүндүргөнү менен, орус тилинде сүйлөшкөнү өкүнүчтүү көрүнүш болду.
Финалдын жыйынтыгында 15 катышуучунун ичинен Казакстандын намысын коргогон ырчы Жанар Дугалова 1-орунду ээлесе, кыргызстандык "Non-Stop" дуэти 4-орунду ээледи.
1. Казакстан - 225 упай
2. Татарстан - 201 упай
3. Башкортостан - 199 упай
4. Кыргызстан - 196 упай
5. Москва - 170 упай
"Евровидение" популярдуу ырлар сынагынын аналогу катары саналган "Turkvizyon" Эл аралык сынагында жеңүүчүнү көрүүчүлөрдүн добушу эмес, калыстар тобу берген баалар аныктайт. Ошондой эле кийинки сынак жеңген ырчынын мекенинде эмес, "Түрксой" маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин чечиминин негизинде кайсы өлкө түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталса, ошол мамлекетте "Turkvizyon" Эл аралык сынагы өтөт. Бул жолу сынактын эстафетасын Түркмөнстан мамлекети өткөрүп алды. Түркмөнстандын Мары шаары "2015-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп белгиленгендиктен, түрк тилдүү өлкөлөрдөгү популярдуу ырлар сынагы аталган шаарда өтөт.